Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып каза болду

Автор -
213

Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-сентябрда түндө болгон. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон.

«Кечээ, саат 20:00 чамасында милицияга келиндин апасы, анын 1993-жылы туулган кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдирген. Кылмышка шектүү катары жолдошу каралууда»,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

Бөлүшүү