Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2 күнгө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.
Жаратылыш газы өчүрүлүүчү көчөлөрдүн тизмеси:
— 25-26-сентябрда Курманжан Датка №320-368, Т.Айтматов №251-303;
— 26-27-сентябрда Республиканская №25-75;
— 26-27-сентябрда Ж.Гвардия бул. 175, 177; Ж.Гвардия бул., Баялинов, Джамбул, Урицкий көчөлөрүндө.
— 27-28-сентябрда Орто-Сай айылынын Иманалиев көч. №9-71.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.