Президент БУУнун башкы катчысы менен жолукту

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Гутерриш Жээнбековду жылуу кабыл алып, Кыргызстанда ар кайсы убактарда болгонун, өлкө оор күндөрдү башынан кечиргенин, бирок азыркы күндө Кыргызстанда демократия гүлдөп жатканын айтты.

Кыргызстан — суктанарлык өлкө, анда жашаган эл, өкүм сүргөн демократия адамдын жан дүйнөсүн кубантат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Гутерришке кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, экөө Ош шаарында 2017-жылы июнда жолугушканын эске салды.

-Биз эки тараптуу мамилелерди жогору баалайбыз. 2017-жылы Кыргызстандын БУУга мүчөлүгүнүн 25 жылдыгын белгиледик. Биздин эл аралык өнөктөштөрүбүз, жеке сиз 2010-жылы Кыргызстанга көп жардам кылдыңыз. 2017-жылы шайлоо системасын өркүндөтүүдө олутту салым коштуңуз. БУУнун Кыргыщстандагы бардык долбоорлору ийгиликтүү ишке ашууда.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат. Ошондой эле, визиттин алкагында БУУнун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Бөлүшүү