Орусияда кампада чыккан өрттөн эки өзбекстандык жаран каза болду

Автор -

Москва облусунун Мытищи аймагындагы кампада өрт чыгып, өзбекстандык эки жаран мерт болду. Өрттүн аянты 1000 чарчы метрди түзгөн. Бул тууралуу РИА Новости аймактын өзгөчө кырдаалдар кызматтарына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, темирбетон кампасынан чыккан өрттөн өзбекстандык аял жана 14 жаштагы кыз каза болду.

Учурда өрт өчүрүлдү, окуянын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Бөлүшүү