Тышкы иштер министрлиги Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн жөнөттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал дипломатиялык этиканын негизги нормаларын сактабаганы жана мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумун жөнгө салуучу жоболорду бузганы үчүн бошотулушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, кечээ Кылычбек Султан маалымат жыйын өткөрүп, анда президентке Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык корпусундагы жемкорлук боюнча маалыматтарды жеткире албай жатканын айткан. Элчи Малайзиядагы элчиликтеги мыйзам бузуу, бюджеттик акчаны максатсыз колдонуу сыяктуу фактылар жөнүндө маалымдаган.