Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы «Бишкек шаарында аза кызматын көрсөткөн агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчилерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин жетекчилери «Түштүк-Батыш» көрүстөнүндөгү инженердик коммуникация үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин (жолдун четин, көрүстөндүн ичиндеги сугаруу системин өткөрүү үчүн бөлүнгөн жерлерди) адам көмүү үчүн мыйзамсыз беришкен.
«Маркумдун сөөгү коюлган делген жерлер текшерилгенде бош болуп чыккан. Андан сырткары агенттиктин жооптуу кызматкерлери адамдардын ишенимине кирүү менен аларга жер бөлүп берүүнү убадалап, акча алып жүргөнү аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу» беренелери менен кылмыш иштери козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.