Оштун вице-мэринин кызмат ордуна Жасур Азимов дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган мэр буга чейин курулуш жана муниципалдык менчик тармагын жетектеп келген. Тиешелүү жарлыкка мэр Таалайбек Сарыбашев кол койду.
Жасур Азимов буга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде «Каржы жана салыктар» кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал шаардык кеңештин депутаты болгон.
Жасур Азимов — экономика илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөөлүү, 2 баласы бар.