Абылгазиев Тышкы иштер министрлигинин жамаатына Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды.

Өкмөт башчы тышкы саясат ведомствосунун жаңы жетекчисинин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп өттү.

Ошондой эле ал министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн оңдуу аброюн түзүүдөгү жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине басым жасады.

Премьер-министр жаңы министрдин ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү