Жогорку Кеңеште депутат саатты артка жылдырууну сунуштады

Автор -
225

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов саатты артка жылдырууну сунуштады.

Анын айтымында, кыш мезгилинде балдарга эртең менен ойгонуу кыйын болуп жатат.

“Кээ бир мектептерде окуучулар 3 нөөмөт менен окушат. Сабак саат 7:30да башталат. Алардын уйкусу канбай сабакка даяр болушпайт. Ал эми кичинекей бөбөктөр бала бакчаларга таӊ атпай суукта барышат. Андыктан саатты жылдыруу боюнча бир чечим чыгаруу керек”, — деди Шарапов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү