Бишкек- Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Автор -

Бишкек- Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 6 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 21-октябрь күнү саат 08:00 чамасында Кызыл-Октябрь айылында болгон. Анда Харриер унаасы менен Мерседес-Бенц унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №5 Өрт- куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү