Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен 40 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Автор -

Чүйдө 17-октябрь күнү сууга чөгүп кеткен 40 жаштагы жарандын жансыз денеси 3 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында  Жайыл районунун Степное айылындагы «Мелиорация» көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында 20-октябрь күнү саат 15:45те анын сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү