Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча 2 адам камакка алынды

Автор -

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча 2 адам камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.

Белгилей кетсек, 21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө Лексус жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.  Жол кырсык болгон жерде кырсыктын катышуучулары ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында Жакыпбаев жыгылып түшкөндө башы менен катуу жолдун четиндеги бордюрга тийип, каза болгон.

Учурда  кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган. Кармалгандардын бири унаа айдоочусу болсо, экинчиси анын жүргүнчүсү болгон.

Бөлүшүү