Орусия: Сирияда 87 миңден ашык согушкер өлтүрүлдү

Автор -

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы аскердик аракеттердин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Анын айтымында, Сирияда “Ислам мамлекетинин” саясий максаттар үчүн куралданган мыйзамсыз топтору жок кылынды.

“Ушул мезгилге чейин 87 миңден ашык согушкер жок кылынып, 1411 калктуу конуш жана Сириянын 95% аймагы бошотулду”, – деди Шойгу. Министрдин айтымында, Сирия өкмөтү өлкөнүн 90% аймагын өз көзөмөлүнө кайтарды.

Шойгу бул маалыматтарды Сингапурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн бирикмесинин (АСЕАН) коргоо министрлери чогулган жыйында айтты. Бирок Шойгу Сирияда канча орусиялык аскер каза тапканын айткан эмес.

Орусия Сириядагы согуштук аракеттерге 2015-жылдан бери катышып келатат. Расмий маалымат боюнча, ошондон бери Сирияда 91 орусиялык аскер каза тапкан. Алардын 39у быйыл мартта аскердик транспорттук учак кулап түшкөндө мүрт кеткен.

Бөлүшүү