Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө 2 күнгө электр жарыгы өчүрүлөт

Автор -

Оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Маалыматка ылайык, 22-23-октябрь күндөрү Ош шаарынын Ак-Буура аймактык кеңешиндеги А. Масалиев проспектисинде, Өзгөн, Тилеке Баатыр, Лумумба, Мажүрүм-Тал көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу болбойт.

Мындан тышкары Навои паркында, шаардык салык кызматында, РФнын башкы консулдугунда, Ынтымак ТВнын имаратында, Бабур атындагы өзбек драм театрында.

Достук жана Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Ленин, Грибоедов, Мичурина, Ташкент жана Лесхозная көчөлөрүндө өчүрүлөт.

Өчүрүүлөр саат 09:00дөн 17:00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергобъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу болот.

 

Бөлүшүү