Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин саламаттыгы начарлады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Артыкбаевдин саламаттыгы начарлап, ага тез жардам унаасы чакыртылган. Учурда тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы туруктуу.
Белгилей кетсек, Артыкбаевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.