Казакстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан убактылуу четтетилди

Автор -

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаевди кызматынан убактылуу алуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Акордонун сайты жазды.

«Мамлекет башчынын жарлыгы менен Утембаев Ерик Мылтыкбаевич Казакстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан убактылуу четтетилди», — деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жумада Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин расмий өкүлү Жанна Бастарова өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси бюджеттен ири өлчөмдө акча уурдаган деп шектелип жатканын билдирген.

Бөлүшүү