Ереванда Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биинчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.

Жыйындын күн тартибинде маалыматташтырууга, бажылык жөнгө салууга, ошондой эле атаандаштык, өнөр жай, эл аралык ишмердүүлүк жаатындагы кызматташтыкка тийиштүү 34 маселе каралган.

Талкууга алынган негизги темалардын бири катары ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттары болду, ошондой эле Биримдиктин 2019-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин 2018-2019-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги ориентирлери, үчүнчү өлкөлөр менен өз-ара соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги көмөкчү органдарды түзүү сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдү мындан ары карай интеграциялоого багытталган бир катар документтер жактырылды.

Бөлүшүү