Баткен облусунда чагымчылдык маанидеги видеороликтерди тараткан адам кармалды

Автор -
219

Чагымчылдык маанидеги видеороликтерди тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылкы Баткен облусунун тургуну А.А., аттуу КР жараны кармалган. Ал «WhatsApp» аркылуу 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштырган.

Сурак маалында кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирген.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР УКМК тергөө органдарына жөнөтүлдү.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттерге баргандар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Бөлүшүү