Өзбекстанда чөл ташбакасы Кызыл китепке киргизилди

Автор -

Орто Азия чөл ташбакасы жоголуп кетүү коркунучунда болгондуктан, Өзбекстандын Кызыл китебине киргизилди.

Өзбекстандын Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин маалыматына караганда, чөл ташбакалары байырлоого жараксыз болуп калган чөлкөмдөрдүн жалпы аянты 300 000 чарчы километрди түзөт. Акыркы 60 жылда айыл чарба ишмердүүлүгүнөн улам ташбакалар жашай турган жер 1,5 миллион гектарга кыскарган.

Өзбек бийлиги ташбакаларды Кызыл китепке киргизип, аларды базарда сатууга тыюу салууну көздөөдө.

Орто Азия чөл ташбакасы өткөн кылымдын биринчи жарымынан тарта азая баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ташбаканын эти консерва чыгарууда колдонулган.

Орто Азия ташбакасы Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) Кызыл тимесине киргизилген. Акыркы 18 жылда жалпы жонунан 1 миллион 254 миң ташбака мыйзамдуу жана мыйзамсыз түрдө кармалган жана экспорттолгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү