Сауд Арабия медицина тармагына 3 млн доллар өлчөмдө грант бөлөт

Автор -

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында Сауд Арабия Королдугу төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлүү демилгесин жактырды.

— “Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга”, “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого” 1 млн 245,2 миӊ доллар өлчөмүндө;

— “Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга” 960 миӊ доллар өлчөмүндө;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоо” 1 млн 440 миӊ доллар өлчөмүндө;

— “Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар” 151,8 миӊ доллар өлчөмүндө.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода-логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Айрым депутаттар Кыргызстандын кайсы аймагында медициналык жабдуулар өзгөчө жетишсиз экенине кызыкты. Ошондой эле, гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калганы белгиледи. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, азыркы учурда Чүй облусунун тургундары кургак учук дартына көп чалдыгууда.

“Ушу тапта кургак учук менен ооругандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Атайын каттоого алынгандын саны 1216 адамга жетти”, — дейт ал.

Бөлүшүү