Өзбекстандын жараны Кыргызстандын чек арасында башка паспорт менен кармалды

Автор -

Өзбекстандын жараны Кыргызстандын чек арасында жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-октябрда Достук чек ара бекетинде Өзбекстандын жараны башка паспорт менен кармалган.

«Чек арада паспорт текшерүү учурунда жарандын сүрөтү шек жаратты. Текшерүүнүн жүрүшүндө паспорт башка кишиники экени аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү