Президент Кыргызстандын дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Автор -

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Соңку он жылдыктарда Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунда жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо салттары калыптанды.

Биз узак мөөнөттүү келечекте мамлекетибизди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн ыңгайлуу тышкы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган прагматикалуу, көп вектордуу жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп жатабыз.

Дипломаттарга өзгөчө милдет жүктөлгөн. Сиздер мекенчил болуп, бир нече чет тилин билип, ак ниет жана үзүрлүү кызматтын үлгүсүн көрсөтүшүңүздөр керек. Себеби сиздер аркылуу мамлекетибизди таанып билишет.

Дипломаттар ар тараптан билимдүү болуп, алардын саясий аң-сезими терең, маданияты бийик жана жоопкерчиликтүү болушу керек. Мамлекеттик кызыкчылыктарды жана кесиптик салттарды бекем сактоого тийиш. Соңку мезгилде дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо зарылдыгы пайда болду. Кызматкерлердин ырааттуу карьералык жана кесиптик жактан өсүшү үчүн өбөлгө түзүү жана жаңы муундагы дипломаттарды даярдоо абдан маанилүү.

Азыркы эл аралык кырдаалдын динамикасы жана жаңы коркунучтардын, чакырыктардын пайда болушу сиздерден аларга ыкчам жооп берүүнү, таразаланган жана жооптуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Соңку мезгилде биз союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара мамилени чыңдап жана тереңдетип, глобалдык, региондук уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз мамилени түзө алдык. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүүгө жана кызыкчылыктарды сактоого негизделген ар тараптуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатабыз.

Мындан ары да сиздер мамлекетибизди өнүктүрүүгө татыктуу салым кошуп, жаш дипломаттарды тарбиялап, тышкы саясатта чоң ийгиликтерге жетише бересиздер деп терең ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, талыкпаган күч-кубат, Кыргыз Республикасынын бакубаттыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм!»

Бөлүшүү