Өзбекстанда ырчы Арашка 25 миң доллар айыппул салынды

Автор -
372

Өзбекстанда Ташкенттеги продюсердик компания менен теги ирандык Швеция ырчысы Араштын ортосундагы соттук териштирүү боюнча өкүм чыкты.

Ташкент облустук экономикалык соттун чечимине ылайык, Араштын кызыкчылыктарын коргоп жаткан «Extensive Music Sweden AB» компаниясы $25 миң өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Ал Nigora Media Group продюсердик компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузууга күнөөлүү деп табылды. Бул иш боюнча өкүм жайында эле чыгарылган, бирок анын көчүрмөсү «Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна эми гана тийди. Соттун маалыматына караганда, төлөнгөн айыппул толугу менен Nigora Media Group компаниясынын эсебине түшөт.

Nigora Media Group компаниясынын башчысы Нигора Соимдин айтымында, Араштын Ташкенттеги концертинин бир күн калганда үзгүлтүккө учурашынан улам алар 50 миң доллар чыгашага учурашкан. Доо арызында ал компенсация катары Араштан 70 миң доллар өндүрүп берүүнү талап кылган.

Араштын концерти Ташкенттеги 6 миң кишиге ылайыкташкан «Истиклол» искусство сарайында былтыр 13-октябрда өтүшү керек болчу. Ага билеттер 60 доллардан 250 долларга чейинки баада сатылган. Алгач концерт 31-октябрга жылдырылып, бирок бир күн калганда Араш Өзбекстанга баруудан баш тартып, бул кадамын өзбек уюштуруучулары өз милдеттерин аткарбагандыгы менен түшүндүргөн.

Нигора Соим 23-октябрда келишим боюнча ал Араштын жалпы эмгек акысынын 50 пайызын алдын ала төлөп бергенин, муну ырастаган документтер бар экенин билдирди.

«Мындан тышкары мен анын командасынын бардык 11 мүчөсүнө билеттерин жөнөткөм. Азыр ал билеттер жанымда. Бирок буга карабастан Араш келбей коюп, концерт болбой калды. Мен болсо көрүүчүлөрдүн акчаларын кайра кайтарып берүүгө аргасыз болдум. Жыйынтыгында 50 миң доллар чыгашага учурадым. Чыгымдарды төлөп берсин деп Арашты сотко бергем. Былтыртан бери 11 сот отуруму болду», — деди ал.

Нигора Соим өкүмдүн текстин англис тилине которуп, Арашка жөнөткөнүн, бирок ырчы аны аткарууга ашыкпай жатканын билдирүүдө. Өзбекстандын Жогорку сотундагы булактардын кабарлашынча, мекеме ТИМ аркылуу бул маселе боюнча расмий түрдө Швециянын Юстиция министрлигине кайрылууга даярданып жатат.

Бир нече жыл мурда Араштын Душанбеге белгиленген концерти да болбой калган. Анда жергиликтүү басылмалар буга Тажикстан борборундагы массалык бейбаштык себеп болгонун жазышкан.

Бөлүшүү