Социалдык өнүгүү министри кызматына Улукбек Кочкоров көрсөтүлдү

Автор -
239

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы депутат Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына көрсөткөнү айтылды. Бул тууралуу «SAAT.KG» маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлады.

Анын талапкерлигин кароо сунушу ЖКнын тиешелүү комитеттерине келип түштү.

Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров азыр 44 жашта. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова чет мамлекеттерге болгон сапар учурунда дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгону жана премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыккандыгы үчүн 11-октябрда жумуштан алынган.