Жогорку Кеңештин депутаттары Россияда өткөн Эл аралык Парламенттик оюндарга катышты

Автор -
knews

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 18-22-октябрь күндөрү Федералдык Жыйындын 25 жылдыгына арналган Эл аралык Парламенттик оюндарга катышты.

Делегация курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Алмазбек Баатырбеков, Канатбек Исаев, Бактыбек Сыдыков, Ильхом Маннанов, Марлен Маматалиев, Умбеталы Кыдыралиев, Бакыт Төрөбаев, Жаныбек Бакчиев, Дастан Бекешев, Руслан Чойбеков, Тынчтык Шайназаров жана Бактыбек Турусбеков кирген.

Кыргыз депутаттары кичи футбол, шахмат, бильярд жана дартс боюнча таймаштарда оюн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында дартс боюнча депутат Бактыбек Турусбеков экинчи орунду ээлесе, Дастан Бекешев “Жеңиш үчүн көрсөткөн кайратмандык” сыйлыгына, Ильхом Маннанов “Эң мыкты коргоочу” наамына ээ болушту. Оюндун алкагында Россия парламенти менен дүйнө парламенттеринин депутаттарынын ортосунда футбол боюнча ири таймаш өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Бактыбек Сыдыков жана Жаныбек Бакчиев катышты.

Жалпысынан оюндарда 12 өлкөнүн парламент өкүлдөрү таймашты. Тагыраагы Россия, Монголия, Латвия, Литва, Армения, Словения, Болгария, Беларусь, Сербия, Франция, Хорватия жана Кыргызстандын депутаттары спорттун жети түрү – кичи футбол, шахмат, бильярд, дартс, теннис, үстөл тенниси жана бадминтон  боюнча күч сынашты. Оюндун баары Москвадагы мыкты спорттук жайларда өтүп, адискөй калыстар калыстык кылды. Жыйынтыгында Россия командасы биринчи орунду багынтса, Беларусь Республикасы экинчи орунду ээледи.

Бөлүшүү