Боронов: Быйыл электр энергиясына болгон тариф өзгөрбөйт

Автор -

Бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү боюнча өкмөттүн позициясына кызыкты.

“Элдин эң негизги көйгөйлөрүнүн бири — электр энергеясына коюлган тариф. Электр энергиясына болгон баа өзгөрөбү же өзгөрбөйбү?” — деди Сабиров.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйылкы жыл боюнча гана жооп берип, 2019-жыл жөнүндө айта алган жок.

“Быйыл электр энергиясына болгон тариф өзгөрбөйт”, — деди Боронов.

Учурда 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу парламенттин жыйын болуп жатат.

Бөлүшүү