Депутат ар бир төрөлгөн балага депозит ачууну сунуш кылды

Автор -

Депутат Б.Төрөбаев мындай сунушун бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында билдирди.

Депутат Бакыт Төрөбаев жакында аймактык-административдик реформа жөнүндө Жарлык чыккандыгына токтолуп, анда урбанизация маселесине же шаарлардын ролун жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын чечмелеп берди. Анын айтымында, шаарларды өнүктүрүү үчүн адам саны дагы маанилүү ролду ойнойт. Буга байланыштуу ар бир төрөлгөн балага депозит ачуу керек. Бала 18 жашка толгондо окуусуна же иш баштоосуна түрткү болот.

Жакында эле Астанада өткөн “Жаштарга инвестиция” аттуу эл аралык иш-чарага катышып келген депутат Мирлан Бакиров коңшу мамлекеттердин жаштары тил билими, чет өлкөлөрдөн алган тажрыйбалары боюнча алдыга озуп кеткендигин белгиледи. Эл өкүлү биздин өлкөдө жаштарды колдоо боюнча эмне иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгына, аларды колдоо боюнча программаларга кызыгып, Өкмөткө толук маалымат берүүнү тапшырды.

Депутат Таалайбек Масабиров эл аралык, дүйнөлүк мелдештерге барып, байгелүү орундарды ээлеп келип жаткан спортчулардын көйгөйүн ортого салды. Анын айтымында, спортчулардын эл аралык иш-чараларга катышуусуна же иш сапарларына каралган каражаттар өз маалында берилбей, Өкмөттүн карызы 62 миллионго жеткен. Эл өкүлү Каржы министрлигине кайрылып, аталган карыздарды төлөп берүүнү талап кылды.

Кыргызстанда хоккей федерациясы 2007-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 30 хоккей клубу бар. Алардын жетөө-балдардын хоккей клубдары. Бирок алар үчүн муз аянтчалары жетишсиз. Жакында эле “Алга, Бишкек” балдар хоккей командасы Канаданын Торонто шаарында өтүүчү мелдешке чакыруу алган. Мындай маалыматтар менен бөлүшкөн депутат Орозобек Алыбаев аталган командага бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлсө жакшы болот эле дейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү