Депутат Улукбек Кочкоровго өкмөткө жылуу сөздөрдү да айтып турууну сунуштады

Автор -

Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов  министрликтерге талапкерлерди тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов  эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып жаткан Улукбек Кочкоровго өкмөткө жылуу сөздөрдү да айтып турууну сунуштады.

«Буга чейин өкмөтүн дарегине сындарды айтып келдиңиз. Бир жолу дагы өкмөттүн ишин жакшы дегениңизди укпадым. Эми министр болуп калсаңыз жакшы сөздөрдү айтасызбы?» — деди депутат.

Ага Кочкоров:»Көйгөйлөр көп. Жумушту жылдыруу максатында гана сындарды айтып келебиз. Премьер-министр тарабынан мага сунуш түшкөндө «сындап отура бербей аракет кылайын, салымымды кошоюн» деп чечтим», — деп жооп кылды.

Бөлүшүү