Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө (фото)

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын 20 18-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралууда.

Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жана күзгү-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланат.

Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы  министри Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасашат.

ALI_6529ALI_6532ALI_6549ALI_6572

Бөлүшүү