Нарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Нарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү саат 07:51де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү