КСДП айланасында болуп жаткан акыркы окуялар боюнча комментарий берди

Автор -

Кыргызстан социал-демократтар партиясы саясий биримдиктин айланасында болуп жаткан акыркы окуялар боюнча комментарий берди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Атамбаевди лидерликтен түшүрүүнү каалагандар менен Иса Өмүркулов жолукту» деген маалымат тууралуу мындай пикирин билдирди:

— Менин билишимче Иса Өмүркулов азырынча бул маалыматты тастыктай элек. Ушул тапта партиянын айланасында болуп жаткан көрүнүштөр КСДПнын 25 жылдык тарыхында биринчи жолу болуп жаткан жок. Партияда мурда деле саткындар, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон уйгактар болуп келген. Азыр болуп жаткан бул оюндардын артында чоң күчтөр турат. Алар партияны бөлүп-жарганга кызыкчылыгы бар. Бирок бул ыплас иштер эч нерсеге алып келбейт, майнап чыкпайт. Анткени КСДПны Атамбаевсиз элестетип болбойт.

«Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен жыйын өткөрүп келе жаткандар бул жумада аларды парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алганын жарыялашты. Бирок Өмүркулов өзү бул маалыматты тастыктай элек.

Алар максаты партияны жемкорлордон тазалоо жана анын лидерин алмаштыруу, ошондой эле партиянын уставына аны саясий кеңеш башкарбашы керек деген өзгөртүүлөрдү киргизүү экенин билдиришүүдө.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы — эгемен Кыргызстандагы эң эски жана ири саясий күчтөрдүн бири. Ал 1993-жылы түзүлгөн. Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет.

Бөлүшүү