Ош шаарында 13 жаштагы окуучу кыз изделүүдө (фото)

Автор -
527

Ош шаарында 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева аттуу окуучу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз ушул жылдын 25-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Райымбекова кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, дене түзүлүшү орто, кара тору жүздүү, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.

Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳ хиджаб, кызымтыл түстѳ желет, ак түстѳ кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызымтыл түстѳгү кроссовка.

Эгерде Аяна жөнүндө кандайдыр бир кабар болсо тѳмѳндѳгү телефондору аркылуу кабар берсеңиздер болот: (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77.

 

Бөлүшүү