Түркмөнстанда пахта теримге чыккандар жол кырсыгына кабылууда

Автор -

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жапырт түрдө пахта талааларына жөнөтүлүп, аларды ташыган унаалар жолдо аварияга кабылууда.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы 21-октябрда Ашхабаддын четинде кишилерди пахта талааларына алып бараткан автобустардын кербени жол кырсыгына кабылганын билдирди. Жыйынтыгында ар түрдүү жараат менен 20дай киши ооруканага жеткирилген.

Пахта терим башталгандан бери мындай окуя экинчи жолу кайталанууда. Августтун аягында Түркмөнабад шаарында ушундай эле дагы бир автобус жеңил унаа менен кагылышкан. Салондо мектеп мугалимдери болгон. Окутуучулар авариядан кийин пахта теримден бошотулуп, бирок бир нече убакыт өткөн соң кайрадан мажбурлоо жолу менен талааларга чыгарылган.