Ысык-Көлдө 13 жаштагы бала асынып алды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 13 жаштагы бала асынып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-октябрда катталган. Анда 13 жаштагы бала үйүнөн чыгып ит мурун бадалына муунуп калган.

«Аны жакындары саат 17:00 чамасында табышкан. Ата-энеси маркумга карата соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө макул болушкан жок»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү