Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат

Автор -
254

Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Көк-Жар кичи району Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:22де Октябрь райондук №5 Аскерлештирилген өрт-куткару бөлүмдөн 1 бөлүм, саат 16:25те Октябрь райондук №5 АӨКБдан автошаты, саат 16:33тө Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү