Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Трампка көңүл айтты

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка Питтсбург шаарындагы синагогага кол салуудан улам көп адамдар  курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Питтсбург шаарындагы синагогага кол салуудан улам күнөөсүз адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каргашалуу кырсыктын кесепетинен кайтыш болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшүү