Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан № 3 көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы күйүп кеткен.
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 3 кондиционер, 22 пластик терезе күйүп кеткен.
Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланган.
Өрттүн келип чыгышына электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.