Бишкектеги көп кабатуу үйдөн чыккан өрттүн себеби такталды

Автор -

Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан № 3 көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы күйүп кеткен.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 3 кондиционер, 22 пластик терезе күйүп кеткен.

Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланган.

Өрттүн келип чыгышына электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.

 

Бөлүшүү