Талас облусу: Киров суу сактагычынан белгисиз адамдын сөөгү табылды

Автор -

Талас облусундагы Киров суу сактагычынан белгисиз адамдын сөөгү табылды.

ӨКМдин такталган маалыматына ылайык, 29-октябрь күнү саат 18:51де Бакыян айылындагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин №91 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда аты-жөнү такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү