Өзбекстанда фермерлерди сууга салган вице-премьер жумуштан алынды

Автор -

Өзбекстан премьер-министринин айыл чарба боюнча орун басары Зойир Мирзаев Ташкент облусунун Аккурган районундагы жаңжалдуу окуядан кийин кызматтан алынды.

Социалдык түйүндөрдө арыктын ичинде жер карап, тизеге чейин суу болгон алты кишинин сүрөтү 27-октябрда тараган. ​Маалыматтарга караганда, бул алты киши буудай талаалары жакшы сугарылбаганы үчүн уруш жеген. Аларды вице-премьер-министр, Ташкент облусу менен Аккурган районунун жетекчилеринин көзүнчө жазалашкан.

Күбөлөрдүн айтымында, алты кишини арыктагы муздак сууга 40-45 мүнөт тургузушуп, андан соң суу кийимдери менен көчөдө чуркатышкан.

Бул окуя чоң чуу жараткан соң, 29-октябрда Өзбекстан президентинин жарлыгы менен вице-премьер-министр Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ушул эле күнү өзбек лидери мажбурлап иштетүүлөргө жол бербөө үчүн бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча буйрукка кол койду.

“Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкери, бирөө – маале аксакалы, экөө жергиликтүү фермер болгон.

29-октябрда Өзбекстан Башкы прокуратурасы күнөөлүүлөрдүн баары ээлеген кызматтарына карабай, жазага тартылары тууралуу билдирүү таратты.

Бөлүшүү