УКМК: Илмияновдун пара алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар

Автор -

КСДП партиясы тарабынан таратылган И.Илмияновго карата кат алышуу жана билдирүүлөрүнө байланыштуу КР УКМК үн катты.

Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат.

«Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө И.Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар. Учурда ал тергөө органдары менен активдүү кызматташууда»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18-октябрь күнү Биринчи Май райондук соту Илмияновду камакка алуу боюнча токтом чыгарып, аны УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.