Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы мыйзам кабыл албай эле колуңарда турган мыйзамды жакшылап иштетип алгылачы деди.
«Бир баланын төрөтүү үчүн канча каражат алынат. Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды”, – деп министрликтин өкүлүнөн сурады Сабиров.
«Мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө 5 кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталган”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө бир баланыны төрөлүшү үчүн 15 миңден сом кем акча төлөнбөйт. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюлбай жатат.
«Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар. Жаңы мыйзамды кабыл албай эле колуңарда турган мыйзамды иштеткилечи”, – деди депутат Максат Сабиров.