Бишкекте үч унааны сүзүп кеткен Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу изделүүдө

Автор -

Бишкек шаарындагы Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа 3 унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 1-ноябрда саат 10:20 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган унаа жол жээгинде токтоп турган «Хендай», «Дайхацу» жана «Тойотаны» сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенге үлгүргөн.

Жол кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Учурда «Лексустун» айдоочусу изделип жатат.

Бөлүшүү