2018-жылдын 1-ноябрындагы саат 9 карата негизги автоунаа жолундорунда ашуулардагы каардын бийиктиги:
Бишкек-Ош авто унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабындакардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 5-35 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.
Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.
Бишкек-Ош авто унаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы)жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 2-10см түзөт.
Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт.
Каракол-Эңгилчек авто унаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 2-15 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.
Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.