Авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 3-ноябрда Ош шаарынын Өзгөн көчөсүнө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын Коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү маалымдайт.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.