Трамп кайрадан миграциялык саясатты катаалдата тургандыгын айтты

Автор -

АКШ өлкөгө мыйзамдуу өткөрүү пункттары аркылуу кирбеген адамдарга башкалка берүүдөн баш тартат. Бул тууралуу бейшембиде Ак үйдөгү брифинг маалында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.

Мыйзамды бузган мигранттар АКШда башкалка ала албай тургандыгын белгилеген Трамп кийинки жумада анын администрациясы өлкөдөгү миграцияны жөнгө салуу планын сунуштай турганын айтты.

Трамп бир нече күн мурда мыйзамсыз жол менен келген мигранттардын балдары өлкө аймагында төрөлгөн учурда дароо АКШнын жараны болушуна укук берген мыйзамдык жобону жокко чыгарууну сунуш кылган. Мындан тышкары президент жарандары АКШны көздөй багыт алган качкындар тобун түзгөн Латын Америка өлкөлөрүнө жардам берүүнү токтотушу мүмкүндүгүн эскерткен.

Бөлүшүү