Корея Кыргызстанга 4 өрттөн куткаруу кызматынын имараттарын курат

Автор -

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов  Корея өлкөсүнүн миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

«Жолугушууда “Өрт-куткаруу кызматынын потенциалын чындоо жолу менен өрт учурунда калктын коопсуздугун  жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу багытындагы маселелер талкууланды»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 2017-жылдын октябрь айында Корея агенттигине берилген  “Өрт-куткаруу кызматынын потенциалын чындоо жолу менен өрт учурунда калктын коопсуздугун  жогорулатуу” долбоору Корея өкмөтүндө каралып, 2018-жылдын декабрь айында жактырылаары күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында 4 өрттөн куткаруу кызматынын имараттарын куруу жана баардык жабдуулар менен камсыз кылуу каралган. Мындан тышкары,  өрт өчүрүүчүлөрдүн квалицикацияларын жогорулатуу, Кореянын адистери менен тажрыйба алмашуу жана маалымат компанияларды өткөрүүлөр мерчемделген.

Кореянын миссиясы 2018-жылдын 25-октябрынан 3-ноябрына чейин  өрттөн куткаруу кызматынын имараттары курула турган жерлер, керектелүүчү жабдуулардын тизмеси менен таанышышат.