Журналист Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Автор -
318

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин 31-октябрда билдирди.

Шаршембиде жарыяланган бул алгачкы расмий билдирүүдө кылмышкерлер мурунтан даярдалган план боюнча иштешкени айтылат.

Ошол эле маалда башкы прокурор Фидан журналисттин сөөгү табыла элек экенин кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашоггинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келет.

Түрк бийлиги Сауд Арабиясы менен кызматташууга канааттанган эмес. Билдирүүдө «Чындыкка жетүүгө аракет жасаганыбыз менен бул жолугушуулар конкреттүү жыйынтыктарды берген жок» деп айтылат.

Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү «күн мурунтан» пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялаган.

Бөлүшүү