Бишкекте “Кыргызстан сулуусу-2018” сынагы өтөт (Видео)

Автор -
724

Борбор калаабыз Бишкекте 14-ноябрь күнү сулуулар сынагы болуп өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолку сынакка 25 сулуу тандалып алынган. Финалдык таймаш 14-ноябрда саат 17:00дө “Ак Сарай” ресторанында болот.

Өткөн жылы “Кыргызстан сулуусу-2017” титулун 19 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип алып, дүйнө сулуусу сынагына катышууга жолдомо алган.

https://www.instagram.com/p/BpesJ_zHpBd/?taken-by=misskyrgyzstan2018