Твиттер он миңден ашык шектүү аккаунтка бөгөт койду

Автор -

АКШ аскер кызматкерлери атынан катталган ондогон твиттер-аккаунттардын чындыгында орусиялык Интернет-иликтөө агенттиги (троллдор фабрикасы) менен байланышы бар. Бул тууралуу “Америка үнү” АКШдагы аскер чиновниктерине шилтеме жасоо менен билдирди.

Алардын маалыматына караганда, өздөрүн аскер кызматкерибиз деп көрсөткөн аккаунт ээлери америкалык аскерлер менен байланыш түзүүгө аракет жасашкан.

Пентагон менен байланышы бар делген, бирок иш жүзүндө Орусия тарабынан башкарылган 39 аккаунтту Твиттер администрациясы жаап таштады. Алардын кампаниясы канчалык таасирдүү болгону айтылбайт. Өз булактар Кремль бул ыкманы жалган маалыматтарды таратуу үчүн колдонуп келгенин билдиришүүдө. Бул сыяктуу аккаунттар Фейсбукта да бар экени айтылууда.

Бул маалымат Конгресс шайлоосуна бир нече күн калганда түшкөн. Америкалык аткаминерлер Москва саясий өнөктүккө таасир этүүгө аракет жасап жатканын белгилешүүдө.

Бул арада Твиттер он миңден ашык шектүү аккаунтка бөгөт койду. Алар Демократиялык партиянын атынан калкты АКШдагы аралык шайлоого катышпоого үндөп келишкен.

Бөлүшүү